Биз менен байланышыңыз

Солтонбекова: Өгөй атасы сабаган 6 жаштагы баланын укугу корголот

Кыска кабар | 25 Ноя 2020 | 496 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги өгөй атасы сабаган 6 жаштагы баланын укугун коргойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйында Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына талапкер Ализа Солтонбекова суроолорго жооп берип жатып айтты.

Ал 6 жаштагы баланы таенеси Ат-Башыга алып кеткенин маалымдады.

«Биздин кызматкерлер көзөмөлгө алып, карап жатышат. Апасы кош бойлуу экен. Ал тосмо арыз жазып, күйөөсүн чыгарып коюуну суранууда. Бирок ага мыйзам жол бербейт. Баланын укугун сотто биздин адистер коргойт. Биз бул ишти аягына чейин көзөмөлгө алабыз», — деди Солтонбекова.

22-ноябрда социалдык тармактарда бети-башы канга боёлгон кичинекей баланын сүрөтү тараган. Аны өгөй атасы урганы жөнүндө кептер тараган.

Чүй облустук милициянын маалыматына караганда, 17-ноябрда Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну алты жаштагы уулун күйөөсү сабаганы тууралуу арыз менен милицияга кайрылган. Окуя Жоруктар кодексинин 75-беренеси («Үй-бүлөдөгү зомбулук») боюнча катталып, материалдар Сокулук райондук милициясына жиберилген.

Кылмышка шектүү Сокулук райондук Ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Кийин сабалган баланын апасы күйөөсүнө доосу жок экенин билдирип, милицияга тосмо арыз жазганы кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM