Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен имараты боюнча чечим кабыл алынды

Кыска кабар | 25 Ноя 2020 | 678 | 0

Бишкектеги Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен имаратынын ордуна курулуш жүргүзүү боюнча документтерди даярдоого каражат бөлүнөт. Тийиштүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Мэрияга караштуу Муниципалдык мүлк башкармалыгынын карамагындагы бул имараттын азыркы абалын Сейсмологиялык курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту карап чыгып, техникалык баа берген.

Жакын арада техникалык кароолор жүргүзүлгөндөн кийин долбоорду ишке ашыруу үчүн тендер жарыяланат.

Бишкектин Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Башкы прокуратуранын имараты 2010-жылдын 7-апрелинде болгон төңкөрүштө өрттөнүп кеткен.

 

Copyright © 2017 Maral FM