Биз менен байланышыңыз

Конституциялык долбоорго жана референдумга каршы кол топтоо башталды

Кыска кабар | 23 Ноя 2020 | 573 | 0

Жаңы сунушталган Конституциялык долбоорго жана шашылыш референдумга каршы кол топтоло баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Көз карандысыз юристтер тобунун мүчөсү Таттыбүбү Эргешбаева Бишкекте өткөн жыйында билдирди.

Кол чогултуу www.stop-referendum-kg.com сайты аркылуу жүрүп жатат. Анда өлкө ичиндеги жана чет жердеги кыргызстандыктарды биригүүгө, мыйзамдуулук, демократия, суверенитет, эркиндик үчүн туруу чакырыгы жазылган.

Ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн мыйзамга баш ийүүгө жана Конституциянын тартибин сактоого чакырышты.

Юристер бирикмеси мындан тышкары, Конституциялык референдумду өткөрүү демилгесинин артка кайтарылышын, президенттик жана парламенттик шайлоолор өз мөөнөтүндө өткөрүлүшүн талап кылууда.

Конституциянын жаңы долбоорун референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору 17-ноябрда коомдук талкууга коюлган. Аны Жогорку Кеңештин 80 депутаты демилгелеген.

Бишкекте бүгүн Конституциялык кеңешменин да жыйыны өттү. Анда Башмыйзамдын жаңы долбоорунун негизги багыттары боюнча бир нече секцияларга бөлүнүп, талкуулап жатышат.

Бул кеңешме 20-ноябрда Конституцияны талкуулоо үчүн президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун жарлыгы менен түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM