Биз менен байланышыңыз

Депутат Бокоев президент «ажыдаарга» айланбашы үчүн сунуштарды берди

Кыска кабар | 23 Ноя 2020 | 419 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев бүгүн Бишкекте өтүп жаткан Конституциялык кеңешменин жыйынында президент «ажыдаарга» айланбашы үчүн айрым сунуштарды берди. Ал сотторду, Эсептөө палатасын, Боршайкомду, Башкы прокурорду дайындоо укуктарын парламентке өткөрүү туура болорун айтууда.

«Мына азыр коомдо эгер президенттикке өтсөк, президент «дракон» болуп кетет, баарын тебелейт деген кооптонуу көп айтылып жатат. Аны чечүү үчүн кандай болушу керек? Биз бийликтин тең салмактуулугун карайлы. Менин биринчи сунушум – эң алгач сотторду дайындоону парламентке өткөрүү керек. Андан тышкары, эң чечүүчү роль шайлоодо болот. Ал процесске президенттин, аткаруу бийлигинин кийлигишпеши үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына байланыштуу маселелер да Жогорку Кеңештин ыйгарым укугунда болушу зарыл. Ошондой эле парламенттин өзүнүн органы болгон Эсептөө палатасын да, төрагасы менен кошо жүз пайыз Жогорку Кеңешке берүү керек. Мындан тышкары, эң чоң органдардын бири Башкы прокуратуранын башчысын да президенттин сунушу менен эмес, парламент өзү дайындашы туура деп ойлойм»,-дейт Кенжебек Бокоев.

Депутат жогоруда айтылган сунуштар парламенттин курамы бүгүнкүдөй болбогон шартта гана натыйжа берерин кошумчалады.

Учурда Бишкекте Конституциялык кеңешменин жыйыны өтүп жатат. Бул кеңешме 20-ноябрда Конституцияны талкуулоо үчүн президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун жарлыгы менен түзүлгөн.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Аны Жогорку Кеңештин 80 депутаты демилгелеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM