Биз менен байланышыңыз

Ализа Солтонбекова Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына көрсөтүлдү

Кыска кабар | 23 Ноя 2020 | 927 | 0

Ализа Солтонбекова Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына көрсөтүлдү. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин эки комитетинде каралып, жактырылды.

Маалыматка караганда, Ализа Солтонбекованы бул кызматка премьер-министрдин милдетин аткаруучу көрсөткөн.

Ализа Солтонбекова 2018-жылдан бери Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп иштеп келген.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин буга чейин Улукбек Кочкоров жетектеди. Ал 4-октябрда өткөн шайлоого «Биримдик» партиясы менен ат салышып, жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин кызматына кайтып келген. Бирок кийин өз арызынын негизинде кызматтан алынганы кабарланган. Кочкоров өз кайрылуусунда иштен кеткени тууралуу кабарды интернеттен окуганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM