Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү абал

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Ноя 2020 | 495 | 0

Акыркы бир суткада Казакстанда 756 адамдан коронавирус оорусу аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда өлкөнүн ыкчам штабы билдирди. Пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 125 миң 466 адамдан COVID-19 оорусу аныкталды.

Тажикстандын аймагында болсо акыркы бир суткада дагы 39 адамдан коронавирус аныкталды. Бир сутка ичинде адам өлүмү катталган жок. Өлкөдө 30-апрелден бери 11 миң 854 адамга коронавирус жуккан. Алардын ичинен 11 миң 229 адам айыгып чыкты. Оору жуккандан кийин 86 адам көз жумган.

Өзбекстанда COVID-19 коронавирус инфекциясынын жалпы саны 71 миң 431ге жетти. Бул жалпы жуктуруп алгандардын 0,12% түзөт. Тилекке каршы, Өзбекстанда 603 адам каза болуп, өлүм көрсөткүчү 0,84% ды түзөт. Ошол эле учурда 68 миң 659 адам вирустан толугу менен айыккан. Өзбекстан дүйнө жүзү боюнча  вирус жуктургандардын саны боюнча рейтингде 76-орунда турат.

Ал эми Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирустун жаңы 432 учуру катталып, вирус жугузгандардын жалпы саны 69 миң 581ге жетти. Ошондой эле бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен  517 бейтап сакайып чыгып, айыккандардын жалпы саны 60 миң 811ге жетти.

Copyright © 2017 Maral FM