Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан дагы төрт бейтап каза болду

Кыска кабар | 22 Ноя 2020 | 313 | 0

Бүгүн, 22ноябрга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусунан дагы 4 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди.

Алардын экөө Бишкек шаарында, экөө Талас облусунда дарыланып жаткан.

Муну менен өлкөдө коронавирус жана пневмония аныкталгандан кийин жалпы 1231 адам каза болду.

Учурда Кыргызстандын стационарларында 3078 бейтап дарыланууда, алардын ичинен:

  • 58 адам (1,8%) — канааттандыраарлык абалда;
  • 2030 (65,9%) — орто оордукта;
  • 857 (27,8%) — оор абалда;
  • 133 (4,3%) — өтө оор абалда.

Ал эми амбулатордук дарыланууда 3720 бейтап бар.

Copyright © 2017 Maral FM