Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 58 миллиондон ашты

Кыска кабар | 22 Ноя 2020 | 251 | 0

Жон Хопкинс университетиин маалыматына ылайык, дүйнөдө коронавирустук инфекцияга кабылгандардын саны 58 миллиондон ашты.

Маалыматта айтылгандай, дүйнө жүзү боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 58 млн 14 миң 491 адам. Ал эми коронавирустан көз жумгандардын саны  1 млн 378 миң 866 адам. Ошол эле учурда  37 миллиондон ашуун бейтап айыккан.

11-мартта Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаңы коронавирустук COVID-19 инфекциясын пандемия деп жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM