Биз менен байланышыңыз

Конституциялык кеңешменин алгачкы жыйыны өтүүдө

Кыска кабар | 20 Ноя 2020 | 270 | 0

Конституциялык кеңеш бүгүн, 20-ноябрда биринчи жыйынын өткөрүп жатат. Улуттук илимдер академиясынын имаратында Башмыйзамдын жаңы редакциясынын долбоору талкууланууда.

Кеңешме мүчөлөрү 85 кишиден туруп, анын 35и илимпоздор, ошондой эле жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар бар. Алар секциялык шартта иш алып барышат.

Кеңешменин төрагасы, профессор Бекбосун Бөрүбашев: «Бизде башкаруунун 4 тепкичтүү түрү бар экендиги талашсыз. Конституция — эл бийлиги. Демократия болуусу үчүн эл жетиштүү жашоого тийиш. Азыркы долбоор боюнча чынын айтуу керек, биз президенттик башкарууга бара жатабыз«, — деген оюн айтты.

Конституциялык кеңешмени түзүү тууралуу жарлыкка өлкө башчысынын милдетин аткаруучу Талант Мамытов 20-ноябрда кол койду.

Кыргызстанда Конституциялык кеңешме түзүлдү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM