Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Конституциялык кеңешме түзүлдү

Кыска кабар | 20 Ноя 2020 | 766 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциялык кеңешме түзүлөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнө таянып, «Кабар» маалымат агенттиги жазды.

Жарлык боюнча, Конституциялык кеңешме тиркемеге ылайык курамда түзүлөт. Кеңешме конституциялык түзүлүштүн негиздерин өркүндөтүүнүн, жарандардын укуктарын, мамлекеттик бийлик системасынын, бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды оптималдаштыруу, чектөөнүн концепциясын, ошондой эле жогоруда аталган багыттардан келип чыгуучу башка маселелерди талкуулоону жүргүзөт.

Анын жыйынтыгы боюнча Конституция жөнүндө мыйзам долбоору тууралуу сунуштарды Жогорку Кеңешке киргизет.

Конституциялык кеңешме өз ишин Улуттук илимдер академиясынын имаратында өткөрөт. Кеңешменин катчылыгынын функциялары Юстиция министрлигине жүктөлөт.

Уюштуруучулук, усулдук, материалдык-техникалык жана башка жагынан камсыз кылуу бөлүгү Юстиция министрлигине жана Президенттин, Өкмөттүн иш башкармалыгына жүктөлөт.

Жогорку Кеңештин жана Президенттин аппаратынын басма сөз кызматтары Конституциялык кеңешменин ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырууну камсыз кылат.

Жарлыктын аткарылышын Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров, Президенттин аппаратынын жетекчиси көзөмөлдөйт.

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM