Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга кирүү үчүн 33 өлкөнүн жарандарына уруксат берилди

Кыска кабар | 19 Ноя 2020 | 745 | 0

Кыргызстанга кирүү үчүн 33 өлкөнүн жарандарына уруксат берилди. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстанга кирүүгө уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмеси кайра каралып чыккан. Тизмеге эпидемиологиялык абал туруктуу жана коронавирус инфекциясынын төмөндөгөнү байкалган өлкөлөр кирген. Алар:

Орусия, Грузия, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Түркмөнстан, Бельгия, Австрия, Улуу Британия, Германия, Ирландия, Исландия, Италия, Латвия, Литва, Лихтенштейн, Люксембург, Португалия, Түркия, Швейцария, Швеция, Катар, БАЭ, Кытай, Малайзия, Түштүк Корея, Пакистан, Словения, Кувейт, Япония, Өзбекстан, Венгрия

Кыргызстан 21-августта 31 өлкөгө авиакаттамдар боюнча эшигин ачкан.

Copyright © 2017 Maral FM