Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Ички иштер министрлигине суракка чакырылды. Бул маалыматты министрликтин басма сөз кызматы тастыктады.
Депутат Эмил Токтошев Конституцияны өзгөртүү үчүн кол койгон депутаттардын тизмесинде болгон. Бирок 18-ноябрда видео кайрылуу жасап, Башмыйзамдын өзгөртүлгөн вариантына кол койбогонун айтып чыккан.
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев жана Мирлан Жээнчороев, Рыскелди Момбековдор Ички иштер министрлигине суракка чакырылганы маалым болгон.
Маалыматтарга караганда, депутаттар 5-6-октябрь күндөрү болгон Бишкектеги башаламандыкка байланыштуу козголгон иш боюнча күбө катары суракка чакырылды.
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо мыйзам бузуулар болгондуктан бир топ саясий партия нааразылыкка чыккан. Ал массалык башаламандыкка айланып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.