Биз менен байланышыңыз

Депутат Токтошев: Конституциянын автору экенимди соцтармактан билдим (видео)

Кыска кабар | 18 Ноя 2020 | 1246 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев 17-ноябрдын түнү Конституциянын өзгөртүлгөн вариантына кол койбогонун билдирди.

Ал видео кайрылуусунда Конституцияны өзгөртүүчү топко кирүү, процессти ичинен көрүү, ал долбоорду жазып жатканда парламентаризмдин позициясын коргоо үчүн кол койгонун айтты.

«Кечээ долбоорду сураганымда, даяр долбоорду көрсөтүштү. Мен ошол эле жерден өзүмдүн каршылыгымды айтып, чыгып кеткем! Мен бир гана парламентаризмди колдойм жана бул позициямдан тайбайм!«.

17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү үчүн мыйзам долбоорун демилгелеп, коомдук талкууга чыгарышты.

Жаңы жазылган мыйзам долбоордо эң көп Конституциянын III бөлүмү «Мамлекеттик бийликтин органдары» боюнча оңдоп-түзөөлөр сунушталууда.

Анда президенттин ыйгарым укуктары өзгөртүлгөн. Тагыраак айтканда, мамлекет башчы бир эле убакта аткаруу бийлигинин да башында турат.

Президент 5 жылдык мөөнөт менен 2 жолу шайланууга укуктуу. Ал ички жана тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктайт.

Документке ылайык, президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламент депутаттарынын саны 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.

Депутаттарды шайлоо да конституциялык мыйзамдын негизинде аныкталат. Эл өкүлдөрү мажоритардык же пропорционалдык система менен тандалып, Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгү да конституциялык мыйзамдын негизинде бекитилет.

Учурда Башмыйзамдын жаңы долбоору социалдык тармактарда талкуу жаратып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM