Биз менен байланышыңыз

Саламаттыкты сактоо министрлигине 100 миң долларлык дары-дармек берилди

Кыска кабар | 19 Ноя 2020 | 431 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлигине коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн 100 миң долларлык дары-дармек берилди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Дары каражаттарын Европа Биримдигинин каржылык колдоосу алдында ЮНИСЕФ сатып алган. Анын арасында 1000 таңгак ко-амоксиклав, 500 таңгак цефтриаксон жана 1000 таңгак гепарин бар.

Дары каражаттарын тапшырууга Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директору Тимурлан Кысанов, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Шарлотт Адриэн жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Юлия Олейник катышты.

Дарылар COVID-19га каршы күрөшүү, негизги дары каражаттарынын тартыштыгын болтурбоо максатында Тышкы иштер министрлигинин өтүнмөсүнө жооп катары алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM