Биз менен байланышыңыз

«Карыздарды калктын колдоосу менен төлөө демилгеси ишке ашпайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Ноя 2020 | 612 | 0

Тышкы карызды элдин салымы менен төлөө демилгеси — популисттик чакырык. Мындай пикирин ишкер Жоодар Сайдилкан «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал өнүккөн мамлекеттер калкына баалуу кагаздарды сатуу менен мамлекеттин тышкы карызын төлөгөн учурлар болгонун эске салды. Ал эми мындай тажрыйба Кыргызстан үчүн ишке ашпай турганын, анткени элде акча жок экенин белгиледи.

«Калктын 85 %ы айлыктан айлыкка жашайт. Ишкерлердин абалы да оор. Карыздарды төлөөдө реструктаризациядан башка жол көрүнбөйт. Фискалдык реформалар аркылуу көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, ИДӨнүн көлөмүн жогорулатуу керек. Жасап жаткан саясий кадамдарды экономикадан бөлүп кароо мүмкүн эмес», — дейт Сайдилкан.

Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын тышкы карызы 4 млрд сомдон жогору.

Copyright © 2017 Maral FM