Connect with us

Бөрүбашев саясатчылардын башкы кемчилигин атады

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Ноя 2020 | 500 | 0

Кыргыз саясатчыларынын жетишпеген жагы — башкаруу формасынан башка эч нерсени түшүнбөгөнү, көрбөгөнү, көргүсү да келбегени. Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Эмне үчүн биз экономикалык моделди кайра карап чыкпайбыз, идеологиялык маселелерди көтөрө албайбыз? Биздин коомчулук бышып, жетилип калды. Шайлоо таза болсо, эл татыктуусун шайлап алат. Бирок «эл түшүнө элек» деп, калкты күнөөлөгөн айыптар болуп жатат. Мен бул ойго кошулбайм, биздин эл абдан жакшы түшүнөт. Эгерде түшүнүшпөсө, анда бийликти төңкөрүшмөк эмес», — деди Бөрүбашев.

Ал калктын басымдуу бөлүгү парламенттик башкарууну кабыл албай жатканын белгиледи. Ага парламентаризм эмес, саясатчылар кетирген каталар себеп болууда.

«Мисалы саясий партиялардын акционердик коом болуп калгандыгы, саясий күчтөрдүн жоопкерчиликсиздиги… Эл туура баа берип жатат. Алдыда дагы кызык-кызык окуялар болот», — деди Бөрүбашев.

Copyright © 2017 Maral FM