Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 17-ноябрда түнкүсүн жана күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн. Талас облусунун айрым райондорунда жана Талас шаарында түнкүсүн кар жаашы ыктымал.
Күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3 … -8, күндүз 0 … -5;
Талас облусунда түнкүсүн -4 … -9, күндүз 0 … -5;
Жалал-Абад, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн -4 … 1, күндүз 2 … 7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1 … -6, күндүз 1 … 6;
Нарын облусунда түнкүсүн -6 … -11, күндүз -1 … 4.
Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы -6 … -8, күндүз -1 … -3 суук болот.