Биз менен байланышыңыз

Орусия Евробиримдикке санкция жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Ноя 2020 | 342 | 0

Орусия оппозициячыл Алексей Навальныйдын окуясына байланыштуу Европа биримдигине жооп иретинде кайчылаш санкция киргизди. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Анын айтымында, бул аракеттер Германия менен Франциянын кызматкерлерине таасирин тийгизет.

«Евробиримдик салган Навальныйга байланыштуу санкциялар Орусия президенттик аппаратынын кызматкерлерине тийиштүү болгондуктан, биздин жооп да кайчылаш түрдө. Чечимдер кабыл алынды, жакында немис жана француз кесиптештерге маалымат беребиз», — дейт Лавров.

Ошондой эле ал Навальныйга байланыштуу Берлиндин кылган жоругу туура эмес экенин, эл аралык милдеттемелерге каршы келе турганын айтты.

«Навальный тизмесине» президент Путиндин админстрациясындагы орусиялык чиновниктер жана күч түзүмдөрүнөн турган 9 жаран киргенин жазды.

Белгилей кетсек, Алексей Навальный 20-августта Орусиянын Томск шаарынан Москва шаарына учар алдында эс-учун жоготуп, ооруканага түшкөн. 22-августта атайын учак менен Германиянын Берлин шаарына жеткирилген. Дарыгерлер аны тыюу салынган химиялык зат менен ууландырышканын маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM