Биз менен байланышыңыз

Жапаров Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 13 Ноя 2020 | 381 | 0

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Сүйлөшүүдө кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү багытында өз ара аракеттенүү жана сактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

«Кыргыз тарап ар дайым мурда аныкталган тышкы саясий курсту өзгөртүүсүз калтырат. Орусия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди чыңдоого өзгөчө маани берет. Мен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин илгерилетүү үчүн керектүү аракеттерди көрүүгө даярмын», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Жапаров  12-ноябрда Орусия президенти Владимир Путин менен да телефондо сүйлөшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM