Биз менен байланышыңыз

Октябрда медиктерге 145 млн сомдон ашык кенемте төлөнүп берилди

Кыска кабар | 11 Ноя 2020 | 591 | 0

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2020-жылдын октябрь айына карата медициналык кызматкерлерге 145 млн 613,4 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөп берди. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Октябрь айында коронавирус менен күрөшүүгө катышкан 7 миң 722 медициналык кызматкер компенсация алышат.

-Бишкекте 14 саламаттыкты сактоо уюмунун 1636 кызматкери тартылган. Компенсациянын суммасы 35 млн 165 миң сомду түздү.

-Чүй облусу боюнча 25 саламаттыкты сактоо мекемесинин 724 кызматкери 10 млн 125 миң сом кенемте алышат.

-Ош облусу боюнча 58 саламаттыкты сактоо мекемесинин 2068 кызматкери 41 млн 966,8 миң сом алышат.

-Баткен облусу боюнча 14 саламаттыкты сактоо мекемесинин 876 медициналык кызматкери 15 млн 856,1 миң сом өлчөмүндө компенсация алышат.

-Жалал-Абад облусу боюнча 26 саламаттыкты сактоо мекемесинин 1287 медициналык кызматкери 24 млн 686 миң сом алат.

-Ысык-Көл облусу боюнча 15 саламаттыкты сактоо мекемесинин 601 медициналык кызматкери 9 млн 653,8 миң сом алат.

-Нарын облусу боюнча 6 саламаттыкты сактоо мекемесинин 175 медициналык кызматкери 2 млн 885,5 миң сом алат.

-Талас облусунда 9 саламаттыкты сактоо мекемесинин 355 медициналык кызматкери 5 млн 275,1 миң сом өлчөмүндө компенсация алышат.

Өкмөт сентябрь айында коронавирус менен күрөшүүгө катышкан медкызматкерлерге кенемте төлөөө үчүн республикалык бюджеттен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 540 млн сом, Саламаттыкты сактоо министрлигине 100 млн сом бөлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM