«Тоголок Молдо» суу кампасын жана шаардык суу түтүктөрүн кыш мезгилине даярдоого байланыштуу эртең, 12-ноябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкектин айрым мекемелеринде таза суу өчүрүлөт.
Суу өчүрүлө турган мекеме, аймактар:
-Логвиненко, Фрунзе көчөлөрү, Манас проспектиси жана темир жол линиясы менен чектешкен аймакта ичүүчү суу убактылуу токтотулат;
-Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинде;
-№70 мектеп-гимназиясында;
-№6 клиникалык төрөт үйүндө;
-Бишкек техникалык коллежинде;
-МК «Биринчи стоматология»;
-Академик Ү. Асаналиев атындагы Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институтунда;
-«Beta Stores» соода борборунда;
-Академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда;
-Улуттук госпиталда;
-Мамлекеттик салык кызматынын имаратында;
-Кыргыз почтасында;
-БУУ үйүндө;
-Тез жардам борборунда;
-Транспорт жана жол министрлигинде;
-Кыргыз коммерциялык банкында;
-№47, №115, №184 бала бакчаларында;
-«Наристе» окуу-тарбиялык борборунда;
-«Россия» кинотеатрында;
-«Билим Кенчи» окуу борборунда;
-«Абитуриент Плюс» жеке мектептеринде суу убактылуу өчүрүлөт.
Мындан тышкары «Алтын Түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясында;
-«Развивайка» балдардын билим берүү борборунда;
-«Карамель» кондитердик-нан бышыруу жайында;
-«Тур Азия» мейманканасында;
-М.Абдраев атындагы атайын орто музыкалык мектеп-интернатында;
-Бишкек медициналык коллежинин жатаканасында;
-Шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борборунда;
-Электрондук саламаттыкты сактоо борборунда;
-Иммунология жана гормоналдык изилдөө лабораториясында;
-«Ден соолук» көп тармактуу медициналык борборунда;
-№3 райондук милиция бөлүмүндө;
-«Кид жана Карлсон» жеке бала бакчасында;
-«Дипломат» медициналык борборунда;
Иорданиянын Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулдугунда;
-«Аман» жеке менчик бала бакчасында;
-«Караван» соода борборунда;
-Ж.Баласагын атындагы КУУнун юридика факультетинде;
-«Дива Эффект» косметологиялык клиникасында;
-«Поликлиника-312» борборунда;
-«Бишкек Парк» соода борборунда;
-Словакиянын Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулдугунда;
Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук кабылдамасында;
Профсоюздар Федерациясы жана «Golden Bull» Ресто-пабында таза суу берүү токтотулат.