Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров маалымат жыйынын өткөрөрү кабарланды

Кыска кабар | 11 Ноя 2020 | 436 | 0

Эртең, 12-ноябрь күнү президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрөрү кабарланды.

Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн ыйгарым укуктарын 14-ноябрга чейин өткөрүп берерин айткан.

«Учурда иштеп жаткан Башмыйзам боюнча президенттин милдетин аткарып жаткан адам шайлоого катыша албайт. Ошондуктан мен президенттик милдеттеримди 14-ноябрга чейин өткөрүп берем, анан шайлоого катышам», — деди Жапаров.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага катышуу үчүн арыз бергендер — Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Канатбек Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев жана Нурлан Мотуев.

Талапкер болууну каалагандар 15-ноябрга чейин БШКга арыз берип, 7-декабрга чейин 1 млн сомдук күрөө жана керектүү документтерди тапшырышы керек.

Copyright © 2017 Maral FM