Биз менен байланышыңыз

Президенттик шайлоого катышуу үчүн дагы бир киши арыз берди

Кыска кабар | 10 Ноя 2020 | 914 | 0

Президенттик шайлоого катышууга ниеттенген дагы бир талапкердин аты аталып жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча «Ошгаз» филиалынын директору Рашид Тагаев президенттикке катышуу үчүн арыз берди.

Рашид Тагаев Жогорку Кеңештин IV чакырылышында депутат болгон.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага катышуу үчүн арыз бергендер — Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Канатбек Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев жана Нурлан Мотуев.

Талапкер болууну каалагандар 15-ноябрга чейин БШКга арыз берип, 7-декабрга чейин 1 млн сомдук күрөө жана керектүү документтерди тапшырышы керек.

Copyright © 2017 Maral FM