Биз менен байланышыңыз

Нарында милиция кызматкерлерине үй берилди

Кыска кабар | 9 Ноя 2020 | 371 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Нарын шаарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн курулган көп батирлүү турак жайдын ачылыш аземине катышты.

Анда сөз сүйлөгөн Жапаров жаңы батир ээлерин куттуктап, бул окуя милиция кызматкерлеринин жашоосундагы чыныгы маанилүү окуя экендигин белгиледи.

Ошондой эле батирлерди бөлүштүрүү ачык-айкын, тийиштүү талаптарга ылайык жүргүзүлгөндүгүнө ишеним билдирди.

«Мен силердин көйгөйүңөрдү жакындан билем. Айлык акылар төмөн, үй-бүлөнү багып, балдарды камсыздоо керек. Бирок сиздер 30 жыл чыдап келдиңиздер. Силерден белди бекем бууп, чыдап бериңиздер деп өтүнөм, элибиздин жана сиздердин көмөгүңүздөр менен биз коррупцияны жоюп, экономиканы өнүктүрүүгө багыт алабыз, анын жыйынтыгында сиздердин айлык акыңыздар да жогорулайт. Биздин алдыбызда чоң пландар турат. Биз ар бир милиционерди турак жай менен камсыздоого бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Биз сиздердин колдооңуздарга ишеним артабыз. Укук коргоо органдарына карай элдин ишенимин кайтаруу сиздердин колуңуздарда», — деди Садыр Жапаров.

Өкмөттүн маалыматына караганда, Жапаров Кочкор райондук Ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш салтанатына да катышты.

Кочкор РИИБи 1950-жылы уюшулган жана имараты авариялык абалда турган, буга байланыштуу 2018-жылы республикалык бюджеттен имараттын курулушу үчүн 34 млн сом бөлүнгөн.

Жаңы эки кабаттуу имарат заманбап талаптарга ылайык салынган, анда кылмышкерлерди издөө, алгачкы текшерүү жана тергөө жүргүзүү, участкалык өкүлдөр бөлүмүнүн, ыкчам иликтөө маалымат тобунун иш бөлмөлөрү каралган, ошондой эле имарат тийиштүү жабдуулар жана уюштуруу техникасы менен толугу менен жабдылган.

Жапаров бүгүн Нарын облусуна иш сапары менен барды. Ал буга чейин Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарын кыдырып, эл менен жолугушту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM