Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Жо Байденди жеңиши менен куттуктады

Кыска кабар | 9 Ноя 2020 | 609 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Жо Байденди Америка Кошмо Штаттарынын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайты кабарлады.

«Бүгүн Америка Кошмо Штаттары өзүнүн өнүгүүсүнүн тарыхый этабында турат жана сиздин жетекчилигиңиз менен Америка эли жаңы бийиктиктерге жетет деп терең ишенем. Кыргыз Республикасы кыргыз-америка мамилелерин өз ара пайдалуу өнүктүрүүгө дайыма өзгөчө көңүл буруп келет. Кызматташуу жөнүндө негизги келишимдин долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн алга жылып жатканын зор канааттануу менен белгилейм. Эки элдин бакубаттыгы үчүн кыргыз-америка мамилелерин сапаттуу деңгээлге чыгарууга багытталган биргелешкен иштерге кубанычымды билдирем», — деп айтылат Жапаровдун куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Жозеф Байденге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Америка элине тынчтык жана бакубаттуулук каалады.

8-ноябрда Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Америка Кошмо Штаттарында президенттик шайлоодо жеңип чыккан Жо Байденди куттуктаган.

АКШда 3-ноябрда президенттик шайлоо өткөн. Анда алдын ала жыйынтыкка ылайык, Жо Байден жеңген.

Байдендин жеңиши менен бир катар дүйнө лидерлери куттукташты, алардын арасында Германиянын канцлери Ангела Меркел, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон, АКШнын экс-президенти Барак Обама жана башкалар бар.

Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоодо көпчүлүк почта аркылуу добуш берилгени үчүн аларды эсептөө убакытты көп алганы айтылууда.

Жо Байден АКШнын 59-жолу өткөрүлүп жаткан президенттик шайлоосун жеңип, өлкөнүн 46-президенти болду. Ал эми Дональд Трамп АКШ тарыхындагы бир гана мөөнөт (4 жыл) иштеген президент болуп калмакчы. Байден учурда 78 жашта.

Copyright © 2017 Maral FM