Биз менен байланышыңыз

Балыкчыда мыйзамсыз сакталган курал-жарак табылды

Кыска кабар | 9 Ноя 2020 | 366 | 0

Ысык-Көлдө мыйзамсыз сакталган курал-жарак, ок-дары табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

25-октябрда Ички иштер министрлигинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматына маалымат түшүп, 2020-жылдын март айында Балыкчы шаарынын түштүк тарабында жайгашкан дамба жер тилкесине жакын жерде белгисиз бирөөлөр жашыруун түрдө ар кандай буюмдарды көмүп жаткандыгы айтылган.

Бул маалымат каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын алкагында 7-ноябрда Балыкчы милициясы жана ыкчам тергөө тобу жеринде издөө иштерин жүргүзгөн.

Жыйынтыгында Балыкчы шаарынын Тоголок Молдо жана Арчалы көчөлөрүнүн кесилишиндеги дамбанын түндүк тарабынан таштарга көмүлгөн көгүш түстөгү спорттук сумкадан курал-жарак табылды.

Аталган факт боюнча тийиштүү экспертиза дайындалды. Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды тактоо иштери жүрүп жатат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM