Биз менен байланышыңыз

Тоолуу райондордо жолдор тайгалак болот

Кыска кабар | 9 Ноя 2020 | 184 | 0

10-14 –ноябрь күндөрү Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

10-ноябрда түнкүсүн Чүй, Таластын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

10-ноябрда күндүз жана 11-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

12-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

12-ноябрда эртең менен, күндүз жана 13-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

13-ноябрда күндүз жана 14-ноябрда кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-14-ноябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

10-14 –ноябрь күндөрү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

10-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жааса, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

10-ноябрда күндүз жана 11-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

12-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

12-ноябрда эртең менен, күндүз жана 13-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

14-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-14-ноябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM