Биз менен байланышыңыз

Баткендеги жол кырсыгынан каза тапкандар тууралуу маалымат берилди

Кыска кабар | 9 Ноя 2020 | 15684 | 0

Баткен-Лейлек унаа жолундагы кырсыкта каза болгондор тууралуу маалымат берилди. Облустук милициянын маалыматы боюнча, «Нексия» унаасын Кызыл-Кыя шаарынын 1990-жылы туулган тургуну А. Расулжон айдап бара жаткан. Ал кырсык болгон жерде каза тапкан.

Ал эми «Мерседес» унаасын Бишкектин Октябрь районунун жашоочусу 1973-жылы туулган А. Садикжон аттуу жаран айдап бара жаткан. Ал эми жүргүнчүлөр 1978-жылы туулган А. Азода, 2002-жылы туулган С. кызы Асида, 2000-жылы туулган Ю. Омониддин болгон.

«Мерседес» унаасынын айдоочусу үй-бүлөсү менен кетип баратканы айтылууда.

8-ноябрда түш чендерде Баткен районунда болгон жол кырсыгынан 5 адам каза тапкан. Исфана шаарына бара жаткан «Мерседес-Бенц» унаасы Рават айылынын тушуна жеткенде каршы тилкеге чыгып кетип, Баткенге багыт алган «ДЭУ Нексия» унаасын сүзгөн.

Кырсыктан «Мерседес» унаасындагы 3 аял, 1 эркек, «ДЭУ Нексия» унаасынын айдоочусу каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM