Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Республикалык штаб каза болгондор боюнча жаңыртылган маалымат таратты

Кыска кабар | 9 Ноя 2020 | 399 | 0

Коронавируска каршы чараларды көрүү боюнча Республикалык штаб бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондордун жерин тактап, жаңыртылган маалымат таратты.

Ага ылайык, 9-ноябрга карата беш бейтап каза болду. Анын экөө Талас облусунда, экөө Бишкек шаарында, бир учур Баткен облусунда катталды.

Бүгүн эртең менен таратылган маалыматта каза болгондордун үчөө Талас облусунда, калганы Бишкек шаары жана Баткен облусунда катталганы кабарланган.

Март айынан бери коронавирус илдетинен 1182 бейтап көз жумду.

Өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 63 миң 390ду түзүүдө, андан каза болгондор 1182 адам, айыккандар 54 миң 358ге жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM