Биз менен байланышыңыз

Чыныбаева: Жаңы жылдык фейерверк уюштурулбайт

Кыска кабар | 9 Ноя 2020 | 1239 | 0

Бишкек мэриясы быйыл Жаңы жылдык салют аттыруудан жана жаңы жасалгаларды сатып алуудан баш тартты. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, үнөмдөлгөн акча майып балдары бар жакыр  үй-бүлөлөргө, ошондой эле ардагерлерге белек берүүгө жумшалат.

«Мэриянын кызматкерлери жана шаардын мэри Балбак Түлөбаев менен биргеликте жаңы жылдык фейерверктен, жаңы жасалгаларды сатып алуудан баш тартууну чечтик. Шаардын көчөлөрүн жана башкы аянтты кооздоо үчүн колдонууга мүмкүн болгон, көрүнүктүү жасалгалардын баары колдонулат. Шаар тургундары менен биргеликте өзгөчө көңүл бурууга жана колдоого муктаж болгондордун баарын куттуктоону пландап жатабыз», — деди Чыныбаева.

2019-жылы борбордук аянттагы башкы балатыга миңден ашуун оюнчук илинип, 300дөн ашуун гирлянда тагылган. Шаардагы жаңы жылдык майрамга карата жалпы 7 млн сом бөлүнгөн, ал эми башкы балатыга 2,5 млн сом жумшалган.

Балатынын бийиктиги 27 метр, диаметри 12 метрди түзгөн. Ошондой эле, «2020» деп аталган көлөмдүү шарлар жана чана сыяктуу бир катар инсталляциялар менен кооздолгон.

Борбордук аянттан сырткары, жаңы курулган «Ынтымак» паркына да балаты орнотулган.

Ал эми 2018-жылы балатыга 2 млн 375 миң 800 сом сарпталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM