Биз менен байланышыңыз

«Орто-Сайдагы» өрт 1800 чарчы метр жерди жалмады (сүрөт)

Кыска кабар | 9 Ноя 2020 | 818 | 0

Бишкектеги «Орто-Сай» базарында чыккан өрт бүгүн, 9-ноябрда эртең мененки саат 8:55те толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн болжолдуу аянты 1800 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар болгон жок, келип чыгуу себептери такталууда.

Министрликтин маалыматы боюнча, тилсиз жоо түнкү саат 00:18 чамасында чыккан. Аны өчүрүүгө 5 өрт өчүрүүчү бригада, бир автошаты, бир суу ташуучу унаа тартылды.

Өрт 02:16 чамасында чектөөгө алынган.

 

Copyright © 2017 Maral FM