Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Нарын облусуна барды

Кыска кабар | 9 Ноя 2020 | 652 | 0

Бүгүн, 9-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусуна иш сапар менен барды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жапаров иш сапардын алкагында облустагы социалдык объектилерди, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын көрөт. Ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн курулган турак жай комплексинин ачылыш салтанатына катышат.

Муну менен катар Нарын облусунун эли менен жолугушат.

Садыр Жапаров 2-4-ноябрь күндөрү Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарын кыдырып, эл менен жолугушкан.

Copyright © 2017 Maral FM