Биз менен байланышыңыз

Жапаров Нарын облусуна иш сапары менен барат

Кыска кабар | 8 Ноя 2020 | 621 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров эртең, 9-ноябрда Нарын облусуна иш сапар менен барат. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Президенттин милдетин аткаруучу жумушчу сапардын алкагында облустагы социалдык объектилерди, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын көрөт, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн курулган турак жай комплексинин ачылыш салтанатына катышат.

Муну менен катар Нарын облусунун эли менен жолугушат.

Copyright © 2017 Maral FM