Биз менен байланышыңыз

Бишкекте үй-жайы жоктор үчүн баш калкалоочу жайлар даярдалды

Кыска кабар | 6 Ноя 2020 | 457 | 0

Үй-жайсыз жарандар үчүн Бишкекте муниципалдык баш калкалоочу жайлар суук түшкөндөн тарта күчөтүлгөн режимде иштейт. Мындай жайларга башпаанеги жок адамдар көбүнчө өзүлөрү келип, жөн эле тамак ичип, жылынып, кээ бирлери түнөп кетишет.

Баш калкалоого зар болгондорду укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана тез жардам бригадасы жеткирип барат.

Борбордогу баш калкалоочу жайларда коопсуздук үчүн дайыма РИИБнин кызматкерлери, үй-бүлөлүк медициналык борборлорунун дарыгерлери жана медайымдары кызмат кылат.

Октябрь районунда убактылуу баш калкалоочу жай А. Токомбаев көчөсүндөгү (№12 кичи район) жакшыртуу комбинатынын имаратында жайгашкан. Анда 80ден ашык орун бар, азыркы учурда бул жерде 40 адам баш калкалайт.

Октябрь районунун социалдык кызмат секторунун адиси Сталбек Эсенкулов. Телефону: 51-19-38; (0559) 18-02-18.

Ошондой эле Свердлов районундагы Фере, 34А дарегинде жашай турган жери жок адамдар үчүн 40 кишиге ылайыкталган убактылуу баш калкалоочу жай даярдалды.

Свердлов районунун социалдык кызмат боюнча секторунун башкы адиси Эркин Мамаевдин телефону: 36-03-35; (0706) 16-88-77

Биринчи май районунун аймагындагы Жибек-Жолу, 413 дарегинде жайгашкан «Коломто» муниципалдык мекемеси жыл бою үзгүлтүксүз иштейт. Ал 70 кишиге ылайыкталган.

«Коломтодо» да түнөп кетүүгө, тамак ичип, медициналык кароодон жана баштапкы санитариядан өтүүгө, ошондой эле жуунганга жана кийимдерин жууганга да шарт түзүлгөн. Телефону: 30-48-55

Ленин районунун «Кайрымдуулук борбору» коомдук фондунда турмуштук оор кырдаалга туш болгон балалуу аялдар үчүн баш калкалоочу жай бар, аларга бир жолу ысык тамак, жатакана, медициналык кызмат, социалдык жана укуктук жардам берилет. Учурда ал жерде 24 аял жана 17 бала бар, социалдык кызматтар «Кайрымдуулук борбору» коомдук фондунун эсебинен көрсөтүлөт. Бул максаттарга жергиликтүү бюджеттен 624,0 миң сом каралган.

Документи жок  аялдар үчүн Ленин райондук үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистери паспортун жана туулгандыгы тууралуу документтерин калыбына келтирүүгө жардам берет.

Колдоо үйү Трудовая көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан. Толук маалыматты 64-11-09 телефон номери боюнча алсаныздар болот. Директору Роза Казиевна. Телефону: 88-38-99, УБКБ адиси Мунара Смаилова. Телефону: (0702) 32-35-30.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM