Биз менен байланышыңыз

Кыргыз журналистикасына 96 жыл толду

Кыска кабар | 6 Ноя 2020 | 379 | 0

Быйыл кыргыз басма сөзүнө жана кыргыз журналистикасына 96 жыл толду. Өкмөттүн 1993-жылдын 1-ноябрындагы токтому менен 7-ноябрь — Басма сөз жана маалымат күнү — журналисттердин кесиптик майрамы катары белгиленген. Аталган дата 1924-жылдын 7-ноябрында кыргыздын туңгуч улуттук басылмасы «Эркин-Тоо» гезитинин жарык көрүүсүнүн урматына кабыл алынган.

«Эркин-Тоо» гезити 1927-жылы «Кызыл Кыргызстан», 1965-жылы «Советтик Кыргызстан» болуп өзгөргөн. 1991-жылы эгемендик алгандан бери «Кыргыз Туусу» деген ат менен жарык көрүп келет.

Кыргызстандагы орус тилдүү басылмаларынын башатында «Слово Кыргызстана» гезити турат. Ал 1925-жылдан тарта «Батрацкая Правда» деген ат менен жарык көрүп баштаган. Андан кийин «Крестьянский путь» деп аталып, 1927-жылы «Советская Киргизия» болуп өзгөргөн. 1991-жылдын февраль айынан бери гезит «Слово Кыргызстана» деген ат менен чыгып келет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын башында өлкө аймагында жалпыга маалымдоо каражаттары катары катталган 1,8 миң чарба субъектиси болгон. Акыркы беш жыл ичинде алардын саны дээрлик 18 пайызга көбөйгөн. Алардын катарында «Кыргыз Туусу», «Слово Кыргызстана»,»Эркин-Тоо», «Вечерний Бишкек», «Кут билим», «Супер-Инфо»,  «Автогид» жана башка гезиттер бар.

126 көз карандысыз телерадиокомпания ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM