Биз менен байланышыңыз

Гүлзинат Суранчиева: Министр Түркмөнстанда калуумду суранды  

Кыска кабар , Шоу-бизнес | 5 Ноя 2020 | 5356 | 1

Профессионалдык искусство чөйрөсүндө жүргөн биздин таланттарды чет өлкөдө өтө жогору баалайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Гүлзинат Суранчиева «Марал» радиосунун «Эсте болсун эки саат» программасына маек берип жатып маалымдады.

Ырчынын айтымында, эки жыл мурун Түркмөнстанга барганында ал жактын Маданият министри өздөрүнүн өлкөсүндө калуусун өтүнгөн. Себеби эгемендиктен кийинки жылдарда маданият, искусство каралбай калып, ушул тармактагы кесипкөй адистеринин көбүнөн ажырап калышкан. Учурда ошол боштукту толтуруу максатында аталган багытка өзгөчө көңүл буруп, адистерди окутуу иштерин колго алып башташкан.

«Эки жыл мурун Түркмөнстанга барып келдим. Опера-балет театрын укмуш кооз салышыптыр. Ичине кирсем, фортепиано туруптур. Ойноп берсем маданият министри: «Бул жакта калыңыз, сизге үч бөлмөлүү батир беребиз. Айлыгыңызды евро менен төлөйбүз», — деп, биздей кесипкөйлөргө муктаж экенин айтты. Анткени, убагында маданият тармагы каралбай, кызматкерлердин көбү чет өлкөгө же өз өлкөсүндө жашоо-тиричилигине байланыштуу ар кандай жумуш орду менен нан тапканы кетишкен. Опера-балет театрын заңгырата салышканы менен оркестри жок экен. Алар бүгүнкү күндө укмуш акчаларды ошого сарптап, башка мамлекеттен кесипкөйлөрдү чакырып, жумуш орду менен камсыздап жатышат. Курсташ кызым бай үй-бүлөнүн балдарына фортепиано үйрөтүп  жатат. Ага канча деген евролорду төлөп, балдарын окутушууда».

Гүлзинат Суранчиева музыкалык окуу жайлар сакталып калгандыктан, аларга салыштырмалуу биздин өлкөнүн искусство, маданият тармагы жакшыраак десе болорун, бирок дале ушундай темпте кете берсек, андай кырдаал бизде да жаралып калуусу мүмкүн экенин эскертет. Ошондой эле эстрада, шоу-бизнес жанры өзүн-өзү каржылап кетүү жагынан кыйналбай турганын, а бирок профессионал искусство андай мүмкүнчүлүккө ээ эместигин, андыктан ушул багытка мамлекет көбүрөөк көңүл бөлүшү, керек болсо, каржылап-багуу маселесин колго алышы керектигин айтып берди.

Copyright © 2017 Maral FM