Биз менен байланышыңыз

Ак үйдүн имаратына келтирилген зыянды аныктоо боюнча комиссия түзүлдү

Кыска кабар | 5 Ноя 2020 | 433 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүн, 5-ноябрдагы жыйынында 5-6-октябрь күндөрү Ак үйдүн имаратына келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Анын төрагалыгына вице-спикер Мирлан Бакиров дайындалды.

Комиссиянын мүчөлүгүнө бардык министрликтердин, агенттиктердин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирди.

Талкуу маалында төраганын орун басары Мирлан Бакиров аталган комиссия эки жума аралыгында жабыркаган мүлктөр тууралуу маалыматтарды тактоосу керектигин айтты.

Ал эми депутат Дастанбек Жумабеков Мамлекеттик мүлк фондунун өкүлдөрүн да комиссияга киргизүүнү сунуштады.

Рысалиев: Ак үйдү «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партиялары оңдосун

Бүгүн күн тартибинде мындан тышкары, өлкөдөгү эпидемиялогиялык абал тууралуу өкмөттүн маалыматы угулат.

Ошондой эле экономика тармактары жана калкты 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча өкмөт маалымат берет.

Copyright © 2017 Maral FM