Биз менен байланышыңыз

Рысалиев: Ак үйдү «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партиялары оңдосун

Кыска кабар | 4 Ноя 2020 | 477 | 1

Жогорку Кенештин депутаты Зарылбек Рысалиев Ак үйдүн талкаланган имаратын «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партиялары өз чөнтөгүнөн оңдошу керектигин айтты.

Рысалиев 5-октябрдагы окуялардын болушуна бул партиялардын мүчөлөрүнүн салымы чоң экенин кошумчалады.

Ал эми дагы бир депутат Кожобек Рыспаев төрага Талант Мамытовдон Ак үйдүн имаратын калыбына келтирүүнү тездетүүнү талап кылды. Себеби иштөөгө ыңгайсыздык жаралууда.

23-октябрда депутат Марлен Маматалиев кесиптештерине өзүнүн иш бөлмөсүн өз эсебинен оңдоону сунуштаган.

«Белгилүү себептер менен азыркы учурда Ак үй оңдоп-түзөө иштерине муктаж. Иш кабинеттерин оңдоп-түзөөнү өз эсебинен жүргүзгөнгө депутаттардын 90 пайызынын кудурети жетет. Келгиле, компьютерлерди жана ишке керектүү буюмдарды өз эсебибизден алалы», — деген Маматалиев.

5-октябрда парламенттик шайлооонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптар митингге чыккан. 6-октябрга караган түнү нааразылык акциясы башаламандыктар менен коштолуп, толкуган эл Ак үйдү басып алган. ЖК имаратынын чыгыш тарабы өрттөлгөн.

1 пикир

1 пикир

  1. Нури

    04.11.2020 15:04

    Албетте озулору ондоп иштеши керек иштегиси келсе, иштегиси келбейби арыздарын жазып, экинчи келгис болуп кетишсин. Белен оокатка келип жаман конушкон экен. Ушунчалык денгеелдери томон, ынтымагы жок, ишти алып бара албаган депутаттардын коруп зеенин кейийт, кантип ушулар Ак-уйдо отурушат, кантип ушулар закон кабыл алышат. Кантип, кантип, кантип деген суроо чексиз…..

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM