Connect with us

Борбор Азия олимпиадасында «Сапаттын» окуучулары 7 медаль утту

Кыска кабар | 21 Май 2024 | 440 | 0

Борбор Азия боюнча биология олимпиадасында (CABO 2024) «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин окуучулары катышты. Алар бир алтын, үч күмүш жана үч коло медаль утушту.

Алтын медалды Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин 8-класстын окуучусу Улукбек Русланбеков алды.

Күмүш медалды Х. Карасаев атындагы Каракол лицейинин 10-класстын окуучусу Нурсултан Увалиев, Таластагы “Манас-Ата” лицейинин окуучусу Байзак Карыпжанов жана Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 8-класстын окуучусу Умар Эргешов алышты.

Коло медалды Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы лицей 10-класстын окуучусу Өмүрбек Русланбеков, Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейинин 11-класстын окуучусу Арсений Виноградов жана 8-каласстын окуусучу Элхан Акимов утту.

11-12-майда Казакстандын Алматы шаарында өткөн олимпиадага жалпы 78 окуучу катышты. Анын ичинен 27си кыргызстандык окуучулар.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM