Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Чет өлкөлүк студенттерди сабагандардын бири кармалды

Кыска кабар | 21 мая 2024 | 367 | 0

Ички иштер министрлиги тарабынан 18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуяларга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул факт боюнча Бишкек ШИИББнын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (массалык башаламандык) жана 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Анын негизинде чет өлкөлүк жарандарды сабаган шектүүлөрдүн бири кармалды. Андан тышкары, ал адамдарды чет өлкөлүктөр жашаган жерлерге ташыган.

18-майдан тарта социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандары сабалган видеотасма тарай баштаган. Видеодо 20-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү саргыч боз кийимчен белгисиз жигит чет өлкөлүк жарандарды сабап жатканы чагылдырылган.

Алынган  маалыматтар боюнча аталган факт 18-майда таңында болгон. Азиат түспөлүндөгү белгисиз төрт адам “Дордой”  базарына жакын жайгашкан үйгө кирип, чет өлкөлүк жарандардын денесине залал келтирип, андан кийин белгисиз тарапка качып кетишкен.

Бул факты боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган. Окуя болгон жерге жакын жайгашкан видеобайкоо камераларынын жазууларын көргөндө кол салган төрт адам кара түстөгү “Мерседес-Бенц Спринтер”  үлгүсүндөгү унаа менен 18-майда таңкы саат төрттө  келишкени аныкталган.

Андан аркы иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун тургунуна катталган “Мерседес-Бенц Спринтер”  үлгүсүндөгү унаа  табылган. Аталган унаанын рулунда Ысык-Көл районунун тургуну 1999-жылы туулган

Азат Жекшенбеков экендиги белгилүү болуп, кармалды. Ал учурда Бишкек шаарында жашап, эмерек жасоочу цехтин кызматкери болгон.

Кармалган жаран Бишкек шаарынын ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. “Мерседес-Бенц Спринтер” унаасы унаа токтотуучу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылып, укукка каршы аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM