Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жатаканада чет элдик жарандарды карактоого шектүүлөр камакка алынды

Кыска кабар | 21 мая 2024 | 303 | 0

Бишкек шаарынын Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатаканада чет элдик жарандарды карактоого шектүүлөр аныкталып, камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

13-майга караган түнү саат 02:00дө Восток-5 кичи районунда топ балдар чет элдик студенттерге кезигип, тамеки сурашып, ал жерде эмнеге тамеки чегип жатышканын сурап, тийишкен. Кол көтөрө баштаганда чет элдик студенттер качып, өзүлөрү жашаган жатаканага кирип кеткенге үлгүрүшкөн.

Чет элдик студенттердин артынан кубалап келген топ балдар жатаканага кирип, ал жакта жашаган чет элдик жарандарга күч колдонуп, акча жана буюмдарын тартып алышкан.

Жатаканада жашаган чет элдик жарандар чогулуп, келгендерди каршылык көрсөтүп кетиргенге аракет кылып, ортодо мушташ чыккан. Мушташ жатакананын короосунда болуп, келгендер бирөөсүн таштап качып кетишкен.

Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин «Каракчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүүлөрдү аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада каракчылык кылган адамдар такталып, 2006-жылы туулган М.Н., 2005-жылы туулган Ш.Т., 2005-жылы туулган Н.Б. аттуу жарандар кармалды.

Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM