Биз менен байланышыңыз

Октябрда 7,5 млрд сом салык жана төлөмдөр жыйналды

Кыска кабар | 3 Ноя 2020 | 594 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын октябрь айында 7 млрд 590,9 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Белгиленген план 123,4 пайызга аткарылып, 1 млрд 440 млн сомго ашык чогултулганын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 839,5 млн сомго көбөйгөн.

Жалпысынан ушул жылдын 10 айында 62 млрд 646,1 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналды.

Акыркы 5 айда Салык кызматы тарабынан мамлекеттик бюджет боюнча артта калуулар 5,7 млрд сомго кыскартылган, себеби коронавирус пандемиясынын натыйжасында киргизилген чектөөлөрдүн айынан март, апрель жана май айларында салыктар боюнча план 6,4 млрд сомго түшүп кеткен болчу.

Copyright © 2017 Maral FM