Саясатчы Бектур Асанов президенттикке катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арызын тапшырды. Ал президенттикке өзүн-өзү көрсөтүүдө. Бул тууралуу Асанов «Маралга» кабарлады.
Бектур Асанов 1969-жылы 5-мартта төрөлгөн.
Ал 2017-жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмгө ылайык, «бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 2019-жылдын февраль айында шарттуу түрдө эркиндикке чыккан.
Бектур Асанов: Абак-чоң сабак
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоону уюштуруу боюнча календардык план жарыялады. БШКнын сайтындагы маалыматка караганда, 10-ноябрга чейин www.tizme.gov.kg сайтында шайлоочулардын алгачкы тизмеси жарыяланат.
18-ноябрга чейин добушканаларда тизмелер илинет.
Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн жактар 14-ноябрга чейин арыз берип бүтүшү керек. Ал эми колдогон кол тамгалар 3-декабрга чейин кабыл алынат. Талапкерлерди каттоо 14-декабрда аяктайт.
Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштери 15-декабрда башталып, 9-январда бүтөт.
Президенттикке катышуу үчүн арыз бергендердин саны беш адам болду.
31-октябрда Назарбек Нышанов президенттикке өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн, ал «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин президенти.
Ошондой эле «Аурдин» компаниясынын директору, Арстанбек Абдылдаев да президенттикке өзүнүн талапкерлигин көрсөтүп, БШКга арыз берген.
Андан тышкары, «Байыркы көчмөн цивилизациясы» тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу коомдук фондунун жетекчиси, Кубан Чороев президенттикке талапкерлигин көрсөткөн.
30-октябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров да президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берген.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.