Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Өткөн суткада 5 адам каза болду

Кыска кабар | 1 Ноя 2020 | 761 | 0

Өлкөдө коронавирус илдети дагы 565 кишиден аныкталып, 5 бейтап каза тапты. Республикалык штабдын берген маалыматына ылайык, 1-ноябрга карата бир сутка ичинде илдетти жугузгандар:
Бишкек – 119
Ош – 17
Чүй облусу – 69
Ош облусу – 86
Талас облусу – 19
Нарын облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 40
Жалал-Абад облусу – 133
Баткен облусу – 79
Муну менен инфекцияны илештиргендердин жалпы саны 59443кө жетти.

Ал эми акыркы сутка ичинде оорудан каза болгон жаңы учурлар:
Бишкек – 2
Баткен облусунда – 2
Ош облусунда – 1

Расмий маалыматтар боюнча каза тапкандардын саны 1150гө жетти.

Copyright © 2017 Maral FM