Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы зилзаладан каза тапкандардын сөөгү изделип жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Окт 2020 | 435 | 0

Бишкек убактысы боюнча саат 14:30га алынган маалыматка ылайык, Түркиядагы жер титирөөдөн 25 адам каза болуп, дагы 831 адам жаракат алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктарды башкаруу агенттиги билдирди.

«Зилзаладан каза тапкан 24 адамдын сөөгү табылды. Ал эми бир адам деңизге чөгүп кетип каза тапканы аныкталды. Силкинүүдөн 831 адам жаракат алган», — деп айтылат билдирүүдө.

Куткаруучулар апаатта кыйраган 17 үйдүн тогузунун урандыларын казып, карап чыгышты. Дагы сегиз имаратты кароо иштери жүрүп жатат. Урандылардын астында башка да каза тапкандар жана жаракат алгандар болушу мүмкүн экени айтылууда.

Издөө-куткаруу иштерине куткаруу кызматы жана ыктыярчы топтордон дээрлик 4 миң адам тартылган. Мындан сырткары 20 куткаруучу ит жана 475 атайын унаа да бар.

Чоң зилзаладан кийин да 341 майда силкинүү катталган. Мындай силкинүүлөр учурда да токтой электигин жергиликтүү басылмалар маалымдады.

Эске салсак, 30-октябрда Түркиянын силкинүү күчү 6,6 баллга жеткен зилзала катталган. Жер титирөө Грецияны да чарпып, Самос аралынан эки өспүрүм көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM