Биз менен байланышыңыз

Жапаров Шайиста Шатманованы «ЭлТРдин» башкы директорлугунан алды

Кыска кабар | 30 Окт 2020 | 439 | 0

«ЭлТР» мамлекеттик телерадио берүү компаниясынын башкы директору Шайиста Шатманова кызмат ордунан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Шайиста Шатманова «ЭлТРдин» башкы директорлугуна 19-октябрда дайындалган. Бирок телеканалдын жамааты жаңы жетекчиге нааразы болушуп, иш таштоого барарын айтып чыгышкан. Алар телеканалдын мурдагы башкы директору Керимбек Калыкуловдун кызматтан алынышын негизсиз деп аташкан.

Шайиста Шатманова буга чейин «Сырдуу дүйнө» гезитинин кабарчысы, «Супер-Инфо» гезитинин кабарчысы, башкы редактору, «Компьютер-пресс» ЖКЧсынын директору кызматтарын аркалап келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM