Биз менен байланышыңыз

Коронавирус менен ооругандарда жаңы симптомдор пайда болду

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Окт 2020 | 1640 | 0

Американын Массачусетс госпиталынын изилдөөчүлөрү Эл аралык дерматологиялык коомдор лигасы жана Америка дерматология академиясы менен биргеликте коронавирус менен ооруган адамдар теринин узак мөөнөттүү көйгөйлөрүнө кабылышы мүмкүн экендигин аныкташты. Бул тууралуу «РИА Новости» агенттиги жазды.

Окумуштуулар COVID-19 менен ооруган миңден ашык адамдын түрдүү тери илдеттерине анализ кылышты.

Алардын ичинен коронавируска шектелген 224 адам жана вирус тастыкталган 90 адамда 12 күнгө чейин жана андан узакка созулган тери ооруларынын симптомдору байкалган.

Изилдөөчүлөр бармак терисиндеги оорунун белгилери 60 күнгө чейин созулган алты учурду аныкташты. Дагы эки адамда жогорудагыдай эле симптомдор 130 күндөн ашык убакытка созулган.

Telegraph билдиргендей, Эл аралык COVID-19 дерматологиялык реестринде бут терисиндеги оорулар менен катталган бейтаптар да бар. Бул бейтаптардын жарымында жакыны буттун сезгениши байкалып, алардын 16 пайызга жакыны ооруканага жаткырылган.

Илимпоздор буга чейин тери оорусу менен узак убакытка чейин жабыркаган учурлар каттала электигин билдиришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM