Биз менен байланышыңыз

Куру бюджеттин абалы талкууланды

Өкмөттүн жаңы курамы  кыска мөөнөттө экономиканы турукташтыруу маселесин талкуулады.

Бүгүн, 29-октябрда өкмөттүн жаңы курамынын алгачкы жыйыны өтүп, анда тез арада экономиканы турукташтыруу жана бюджетке өзгөртүү киргизүү маселелери талкууланды.

Премьер-министр Садыр Жапаров мамлекеттик казынадагы сандарга токтолуп, бюджеттеги тартыштык 35,6 миллиард сомго жеткенин белгиледи.

«Бюджеттин киреше бөлүгү 137,2 миллиард сом. Ал эми чыгаша бөлүгү 172,8 миллиард сомго жетти, муну менен мурда кабыл алынган бюджетке 9,7 миллиард сом кошулуп жатат. Анын натыйжасында бюджеттин тартыштыгы 35,6 миллиард сомду түзүп, дефициттин көлөмү дагы 7,9 миллиард сомго көбөйдү».

Ошол эле учурда өлкөнүн ички дүң өндүрүмү тогуз айда 400,2 миллиард сом болуп, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 пайызга төмөндөгөнү маалым болду.

Өкмөт башчы бардык тармактарда коррупция терең тамыр жайганын белгилеп, аны менен күрөш оңой болбой жатканын кошумчалады.

«Коррупция менен күрөшүү өтө татаал болууда. Чырмалышып калган экен. Муну конституциялык реформа жасап, башкаруу системине өзгөртүү киргизгенден кийин гана жойбосок, азыр өтө татаал экен. Бирок колдон келген аракетибизди жасап жатабыз. Бүт дүйнө пайда тапкан бажыдан бизге эмнеге киреше кирбейт? Жол курууга ири насыялар алынган, эмнеге жолдорубуз жаман? Дүйнөдө наркобарондор бар, а бизде энергобарондор болуп жатат».

Жыйында Каржы министри Кыялбек Мукашев өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Кыргызстан чет элдик донорлордон алган карызынын төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча макулдашуу жүрүп жатканын кабарлады. Анын айтымында, Париж клубу жана донорлор менен түздөн-түз сүйлөшүү жүрүп жатат.

«Учурда 4,1 миллиард сом төлөөнү кийинки жылга жылдыруу боюнча келишимдер каралып жатат. Ага ылайык, быйыл жана эмдиги жылы карызды төлөбөй тура алабыз. Бирок кийинки үч жылда жеңилдик берилген мөөнөттө төлөнбөй калган каражатты кошуп төлөйбүз».

Ошондой эле өлкөнүн ички жана сырткы карызы азыркы тапта 4,8 миллиард доллар (378 миллиард сом) экенин кошумчалады.

Ал эми Маданият маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков маданият тармагына демөөрчүлүк кылгандарга салыктык жеңилдик берүү боюнча бекитилген мыйзам иштебей жатканын айтты.

Ал өлкөдө 1 063 китепкана, 700дөн ашуун маданият үйү, театр бар экенин, бирок алардын көбү авариялык абалда турганын, эгер аталган ченем иштесе, буларды оңдоп алууга шарт түзүлөрүн айтууда.

«Кыргыз жана орус драма театрлары оңдоло баштаган. Биринчисинин сметасы 64 миллион сом, экинчисиники 200 миллион сомдон ашык. Жылытуу системалары киргизилип жаткан, каражат таап өз убагында оңдоо иштерин улантпасак, миллиард сомдук чыгым болуп калышы мүмкүн. Салык кодексинин 208-беренесинде маданият тармагына демөөрчүлүк кылгандарга салыктык жеңилдик берилери көрсөтүлгөн. Бирок ошол берене азыр иштебей жатат. Ушул маселени чечип берсеңиздер».

Садыр Жапаров тез арада кризистик көрүнүштөрдүн алдын алып, калыбына келтирүү аракети көрүлүшү керектигин айты. Ошондой эле калктын саламаттыгына кам көрүү үчүн саламаттык сактоо тармагын чыңдоо, экономиканы бекемдөө, инвестициянын коргоо, бизнести колдоо, чек араны бекемдөө сыяктуу бир катар талаптарды койду.

Даярдаган Дастанбек Каримов

Copyright © 2017 Maral FM