Биз менен байланышыңыз

Түмөнбай Колдошов: «Жарты кайык» жан дүйнөм жанчылып турганда жаралган

Калың элдин катмарына жакшы обончу катары таанылып келе жаткан Түмөнбай Колдошов аттуу ырчы бар. Айрыкча, акын Зайырбек Ажыматовдун сөзүнө жазылган «Жарты кайык» ыры жалгыздыктан жадаган жандардын жанураанына айланган десек жаңылбайт чыгарбыз. Сөзү менен обону айкалышып-жуурулушуп чыккан мындай ырлар акыркы учурларда өтө сейрек кездешип калганы жашыруун эмес. Эмесе, ошол «Жарты кайык» ырынын жаралуу тарыхын автордун өз оозунан тыңдайлы. 

— «Жарты кайыктын» обону 2012-жылы жазылган. Ал кезде Зайырбек Ажыматовду акын катары гана алыстан таанысам, ырдын арты менен байланышыбыз жакындап, ага-ини болуп, турмушта да мамиле түзгөнгө жетиштим. Ырды психологиялык кризисте турган мезгилде жаздым десем да туура болот болуш керек. Себеби, дайыма айтып жүргөнүмдөй курсагым ток, кийимим бүтүн, көңүлүм куунак кезде обон жазбайм. Качан гана жан дүйнө жанчылып турганда, жалгыздыгың эске түшкөндө, адамдардан кагуу жегенде, туура эмес нерселер үчүн басынып калган учурларда, таарынып, капа болгондо — ушунун баары обон болуп чыкканга түрткү болот. «Жарты кайык» ыры да ошондой бир мезгилде жазылды. Акын Зайырбек Ажыматовго: «Ушундай жан дүйнө жанчылып турганда жакшы бир текст болсо», —  деп калдым бир жолу. Анан мага «Жарты кайыкты» жөнөттү. Ырдын түп нускасы бир аз башкачараак болчу. Мисалы: «Оо, турмуш, мыйзамыңа каныктырдың, Очойуп отуз беште карып турдум» — деген сыяктуу саптар да бар. Мага болсо өзгөртүп, анан берген экен. Обон жазылды, кайырмасынын үстүндө иштеп жаттык. «Багыты жок жарты кайык, багыты жок жарты кайык», — деп эле кыйналып жатсам, акын Улукбек Омокеев келип калды. Ал кезде ОшМУнун экинчи кабатында отурчубуз. Көпкө угуп: «Кел, ушул жерине: «Баратам турмуш жүгүн артып алып же тартып алып», — деп кошуп коёбуз, дал келип калат экен», — деди. Ырдап көрсөк, жакшы угулду. Анан Зайырбек байкеге чалдык. «Обонго кайырма туура келип, сап кошуп жатабыз», — десек, «Аябай жакшы угулат экен», — деди. Обондун жаралуу тарыхы – ушундай.

Copyright © 2017 Maral FM