Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 522 адам жаңы катталды, 93 адамдын абалы өтө оор

Кыска кабар | 29 Окт 2020 | 464 | 0

Кыргызстанда 29-октябрга карата COVID-19 илдетинин жалпы катталган учурлары 57 миң 798ге жетти. Акыркы бир сутка ичинде 522 жаңы учур катталды:

  • Бишкек шаары — 110;
  • Ош шаары — 33;
  • Чүй облусу – 58;
  • Ош облусу — 75;
  • Талас облусу — 26;
  • Нарын облусу — 7;
  • Ысык-Көл облусу – 37;
  • Жалал-Абад облусу – 86;
  • Баткен облусу — 90;

29-октябрга карата стационарда 3444 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 93 адамдын абалы өтө оор, 2396 бейтаптын абалы орто, 878 адам оор абалда, 77 адамдын абалы канааттандыраарлык.

Үй шартындагы дарыланууда 3580 бейтап бар.

Акыркы бир суткада коронавирустан Баткен облусунда бир бейтап каза болуп, жалпы өлүм учурлары 1139га жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 460 бейтап сакайды. Коронавирустан айыккандардын жалпы саны 49 миң 97ге жетти.

Copyright © 2017 Maral FM